КЕЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир жерден экинчи жерге баруу, өтүү, барып түшүү. Барпы үйүнө келгенде, көңүлү ачылып, кумары жазылып, жыргап калуучу (Байтемиров). Туулдум беле насыпсыз? Тутулуп келдим жазыксыз (Токтогул). Жаштар эмгектен келишкен соң, клубдарга топтошуп, эки-экиден бийлеп чыгышат (Сыдыкбеков). Жанты бир аздан соң мында келет («Ала-Тоо»). 2. Бирөөнү чакыруу, чакырып келтирүү иретинде айтылат. – Апай! – деди ошол замат ажардуу карап Акия,– мындай келип отуруңуз (Сыдыкбеков). 3. Жашка толуу, чыгуу. Журт атасы Көкөтөй, Узагыраак карыптыр, Жетимиш бешке келгенче, Бала көрбөй калыптыр («Манас»). Жигиттин болор кези замандашы, Оролуп он жетиге келген кези (Турусбеков). 4. Нерсенин көлөмүн, ченин, өлчөмүн, санын же кандайдыр бир сапатты, абалды белгилөө үчүн айтылат. Киши бою келген чалкан. Жүз центнер келген эгин. Арыгынан келген орто бойлуу адам. Аял боорукер келет. Жарды-жалчы кайрымдуу келет. 5. Жүрүү, согуу. Жакадан жылуу жел келди, Жылуу жел жерге дем берди (Шүкүрбеков). Толкун келет, толкун келет өркөчтүү (Бөкөнбаев). 6. Жыл мезгилинин же белгилүү бир учурдун, маалдын башталышын, пайда болуп, жаралып келаткан абалда экендигин билдирет. Кыш келди. Жаз келди. Жай келди. Эл жайлоого көчөр маал келди. Эгин орулуп, бышыкчылык башталар кез келди. Балдар окууга барар кез келди. 7. Пайда болуу, болгондугу, бар экендиги сезиле баштоо, билинүү, туюлуу. Жыт келди. Ис келди. Уйкусу келди. Көңүлү келди. Ачуусу келди. 8. Атоочтук форма -ган аркылуу «келишкен», «мыкты» дегенди билдирет. Бардык мүчөсү келген ат. 9. Айткан-дегени, эңсегени, ойлогону, тилеги орундалуу, ордунча болуу, өзүндөй болуп чыгуу. Сенин айтканың келди. Самаганың, тилегиң келди. Айтканыңдай келди. Сен ойлогондой келди. Анын болжогонундай келди. 10. Негизги этишке айкашып, бир нерсени каалагандыкты, ниеттенгендикти, самагандыкты ж. б. билдирет. Баргым келди Көргүм келди. Иштегиси келди. Уккуң келеби? Жегиси келет. 11. Негизги этишке айкашып, «бир нерсе жөнүндө баяндайын», «жөнүн айтайын», «айта баштайын» деген мааниде колдонулат. Дүнүйө көрбөй тыйынча, Чачканымдан келейин. Таластан качып жөө тентип, Кулунум качканымдан келейин («Семетей»). 12. Негизги этишке айкашып, кыймыл аракеттин болгонун же болуп жатканын билдирүү үчүн колдонулат. Ал күндөр көз алдына келип жатты (Маликов). Кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келе жатат (Сыдыкбеков). Жадырап-жайнап чыга келди (Убукеев).